Редакцияот 03.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 3-декабры № 2

Кара-Суу айыл аймагында «Кошой» коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинин негизинде Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Кошой» коомдук үрөн фондусу каттоодон өткөрүлсүн жана коомдук үрөн фондунун уставы бекитилсин.

2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставка ылайык иш алып барышын камсыз кылуу жагы коомдук үрөн фондунун төрагасы Жакшыбек Нуркасымовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К. Иманкулов