Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-декабры № 1
Кара-Суу айыл аймагында 2015-жылдын жыйынтыгы менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» номинациясы үчүн сыйлык катары өз ара эсептешүү жолу аркылуу келген 1000,0 млн сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Республикалык деңгээлде 2015-жылдын жылдын жыйынтыгы менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» номинациясы үчүн сыйлык катары өз ара эсептешүү жолу аркылуу келген 1000,0 млн сом акча каражатын бекитүү жөнүндө Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сыйлык катары 2111 ст 85,3 миң сом;
Соц фонд акысына 2121 ст 14,7 миң сом;
Айыл өкмөтүнүн имаратнын актовый залынын ремонтуна 2215 ст 100,0 миң сом;
Айыл өкмөтүнө инвентар (мебель) алууга 3112 ст 800,0 миң сом менен бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалышын аткаруу жагы ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Иманкулов |