Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-ноябры № 2
Жеңилдиктерди киргизүү киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аймагында туруктуу жашаган майып балдардан жана майып ата-энелерден, жарым жетем жана тоголок жетим балдардан, жакыр үй-бүлөөлөрдөн, балдар бакчасында эмгектенген техперсоналдардан жана шаардык Кеңештин жана мэриянын аппарат кызматкерлеринин балдар бакчасында тарбияланган балдары үчүн тамак ашка төлөнүүчү төлөмдөрүн 50% жеңилдетүү маскатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жомок» балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен алынуучу төлөм төмөндөгү Кочкор-Ата шаарында туруктуу жашаган, шаар аймагында каттоодо турган ата-энелерден 50% алынсын.
- аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөөлөрдөн(шаардык мэриянын социалдык бөлүмүндө жакырчылык боюнча каттоодо турган),
- көп балалуу энелерден(беш бала жана беш баладан жогору),
- жарым жетим жана тоголок жетим балдардан.
- майып жарандардан ( I, II группадагы майып ата-энелердин балдарынан)
- балдар бакчасынын кызматкерлеринен(ашпозчу, кароол, тарбиячылар жана техперсоналдардан).
- муниципалдык кызматчылардын (мэриянын, шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлеринин).
2. Токтомдук аткарылышын камсыз кылууну балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А.М. Нусупбеков |