Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № XV-7
Кыргыз-Ата айылдык округундагы Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылдагы бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин экономика , бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде , Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылдагы бюджетин карап чыгып , тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгендигинин негизинде, Кыргыз-Ата айылдык округтук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011- жылга бюджети №-1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айылдык округунан Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттын тышкы чек аралары такталып 3616 га жайыт аянты , жайыттагы тиешелүү инфраструктуралар менен көрсөтүлгөн өткөрп берүү – кабыл алуу актысы бекитилсин.
3. Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесине :
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыт мыйзамынын негизинде иш жүргүзсүн.
- бөлүнүп берилген жайыт аянтын эффективдүү пайдалануу жолго коюлсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округдук кенешинин төрагасы |
А.Таиров |