Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 3
Жазгак айылына спорт комплекс куруу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 5 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөт башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жазгак айылындагы Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги 185 контурундагы 0,20 га жер аянтын комплекстүү кичи футбол аянтчасын курууга жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Спорт комплекс куруу үчүн жер участкасын ажыратып берщщ, документтештирщщ жагы райондук шаар курулуш жана архитектура башкармасынан, райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кёзёмёлдёё жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М Эгембердиевге жана Момбеков айыл Өкмөт башчсынын орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |