Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 4
Момбеков айыл Өкмөтүндөгү ветеринардык кызматкерлердин 2017-жылга карата малдарды эмдөөдө жана ийри мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл Өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А Орозовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А Орозовдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагында мал жандыктардын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысы бир баш жылкы үчүн - 50 сом, кара мал үчүн - 50 сом, кой, эчкилер үчүн - 15 сом, тоок үчүн – 10 сом, ит-мышыктар үчүн эмдоо жана таблетка, паспорту ичинде -100 сом, кан алууга - 50 сом, ийри мүйүздүү малдарды идентификациялоодо бир баш кара мал үчүн - 70 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ф-4 үлгүсүндөгү тактаманы берүү акысы жылкы үчүн - 50 сом, кара мал үчүн - 20 сом, кой, эчкилер үчүн – 10 сом, ит үчүн – 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Момбеков айыл Өкмөтүндөгү мал жандыктарын ветеринардык талартарга ылайык белгиленген мөөнөттө сапаттуу вакциналар менен эмдөө айыл Өкмөтүнүн ветинспектору А Орозовго жана ветеринардык сервистин кызматкерлеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жщктёлсщн.
Төрага | Т. Стамбаев |