Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-декабры № 30/3
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-. Кыш мезгилинде жардамга муктаж жакыр үй бүлөөлөргө 0,5 тонна көмүр отуну менен камсыз кылуу, акысыз негизде.
-. Көп балалуу жардамга муктаж баатыр энелерге материалдык жардам көрсөтүү, акысыз негизде
-. Аз камсыздалган үй бүлөөлөрдүн балдарына спорттун түрүнөн, окуу предметтеринен айыл өкмөттүн намысын коргоо үчүн олимпиадалык мелдештерге катышкан окуучуларга, спортсмендерге жол кире акысына жардам көрсөтүү
-. Ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж болгон жакыр үй бүлөөлөрдүн дарылануусуна жеңилдиктерди сурап дарылоочу мекемелерге кат жолдоо, дарылануучу мекемелерге барууга жол кире акысына жардам көрсөтүү
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Суу айыл өкмөтүнүнбашчысы Т.Э. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | Т. Курткаев |