Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 2
Республикалык бюджеттен кошумча берилген 700,000 (жети жүз миң) сомду бөлүштүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен кошумча болүнүп келген 700 000(жети жүз миң) сом төмөнкү жумуштарды аткарууга бөлүнсүн.
Орто-Сай айылыныдагы жаңы конуштагы жашоочуларды таза-суу менен камсыз кылуу үчүн «Кызыл жарым ай» коому тарабынан каржыланып жаткан долбоордун негизинде айыл өкмөттүн салымы үчүн -100 000 (жүз миң) сом;
Ленин айылындагы жаңы конушка таза-суу линиясын тартуу үчүн полиэтилен трубаларын сатып алууга -100 000 (жүз миң) сом;
Айыл өкмөттүн имаратын ремонттоо үчүн-50 000(элүү миң) сом;
Жыгач-Коргон айылындагы ФАПты коргондоого -15 000 (он беш миң) сом, (кошумча жетпеген каражатына)
Жыгач-Коргон айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасынын чатырын жабууга -150 000( жүз элуу миң) сом;
Ленин айылындагы паркты коргондоого 200000 (эки жүз миң) сом;
Гавриловка жана Фрунзе айылдарынын аталыштарын өзгөртүү үчүн айылдардын картографиялык чиймесин жасоо үчүн -10 000 (он миң) сом.
Ленин айылындагы ю.А.Гагарин атындагы орто м ектебинин класстарынын ремонту учун 50000 (элуу мин)сом;
А.Тажибаев атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырын ондоого 25000 (жыйырма беш мин)сом.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкөттүн финансы-экономика бөлүмүнө жана айыл өкмөттүн башчысы Ч.Мурзакановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |