Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 3
Жергиликтүү бюджеттен статьялар аралык жылдыруулары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият бөлүмүндөгү 70823- маданият үйүнө отургучтарды сатып алууга каралган 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты ремонттун бүтпөгөндүгүнө байланыштуу 31123210 –эмеректерди сатып алуу беренесинен 22211100 – мүлктөрдү учурда оңдоо беренесине жылдырылсын.
2. Билим беруу 70921-бөлүмүнүн 22211100-мүлктөрдү учурда оңдоо беренесиндеги С.Жээнбеков атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонту үчүн каралган 180 000(бир жүз сексен миң) сом, пайдаланылбаганына байланыштуу мектептин класстарын полдоого багытталсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБнө жана айыл өкмөт башчысы Ч.Мурзакановко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “бюджет жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |