Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 16
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-47-беренесине таянып Жалпак- Таш айылдык кеңеши Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун 2015-жылдагы 1 жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндөгү отчетун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында алып барган жана аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Планда көрсөтүлуп бирок аткарууга алынбаган иштер 2015- жылдын 2 жарым жылдыгында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы ,экономика,бюжет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери боюнча”туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |