Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 17
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-52-беренелерине таянып, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюжети айрым кемчилдиктери менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2015-жылдын 28-апрелиндеги №14 токтому менен бекитип берилген Уч-Капчал айылындагы ФАПтын курулушунун каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Т.Турдубаева орто мектебинин республикалык дем берүүчү грант менен каржылануучу долбоорундагы 583 мин сом элдик салымды 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча каражаттан бөлүнүп берелсин.
4. “Султан Супа” таза суу пайдалануучулар бирикмесине Түз-Бел айылын камсыздоочу таза суу түтүгүнүн ремонт иштери үчүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык келишимдик негизде 350 мин сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
5 .Киров айылына курулуучу бала бакчанынын курулуш долбоорун даярдоо үчүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча каражаттан сметага ылайык келишимдик негизде 80 мин сом акча караты бөлүнүп берилсин.
6. Курбу-Таш маданият үйүнүн штаттык бирдигин каржылоо үчүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. Айыл аймагындагы бала бакчалардын финансылык аракеттери текшерүүгө алынсын, текшерүү учун депутатык комиссия түзүлсүн.
8. 2015-жылдын бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жетишпестиктерди 9 айдын жыйынтыгында жоюу жагы ФЭБ милдеттендирилсин.
9. .2015-жылдын бюджеттин 2-жарым жылдыгындагы чыгаша бөлүгүн айыл өкмөтүнүн башчысы жеке көзөмөлүнө алсын .
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюжет,салык , финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик” боюнча туруктуу. комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |