КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин 15-сессиясынын (төртүнчү шайланган)
2011-жылдын 19-апрели № XV-8
Айылдык округдагы ит кармагандарга салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук кенешинин сессиясында
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 184-беренесинин негизинде Айылдык округтагы ит кармагандарга салык киргизүүнү талкуулап , Кыргыз-Ата айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округундагы ит кармагандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке салык төлөө өлчөмү бекитилсин.
2. Айылдык округдагы ит кармаган жарандар иттерди ветеринардык кароодон өткөрүп , дарылап, иттин паспорту менен үйлөрүндө байлап кармашсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |