Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 18
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетин кайрадан түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 6-6еренесине таянып жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун Жайыт комитетинин иши жөнүндөгү билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин курамы кайрадан түзүлсүн жана анын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин.
С.Паизов-айыл өкмөтүнүн башчысы (кызматы боюнча),
М.Суранов –айылдык кеңештин төрагасы(кызматы боюнча) ,
М.Максутов-айылдык кеңештин депутаты,
А.Калдыбаев-айылдык кеңештин депутаты,
А.Аккулов- айылдык кеңештин депутаты,
А.Айдаралиев - айылдык кеңештин депутаты,
Т.Абжалов- айылдык кеңештин депутаты,
А.Суранбаев -ЖПБнын Киров айылы боюнча өкүлү ,
С.Коңурбаев -ЖПБнын Кысык-Алма айылы боюнча өкүлү,
К.Шералиев - ЖПБнын Курбу-Таш айылы боюнча өкүлү,
М.Камбаров -ЖПБнын Карл Маркс айылы боюнча өкүлү,
А.Кошуев - ЖПБнын Кара-Тарык айылы боюнча өкүлү,
А.Калилов- ЖПБнын Киров айылы боюнча өкүлү,
Т.Нышанов - ЖПБнын Уч-Капчал айылы боюнча өкүлү,
К.Эралиев- ЖПБнынАк-Терек айылы боюнча өкүлү
2. Жайыт комитети КР “Жайыт жөнүндө ” Мыйзамынын талаптарына ылайык иштер алынып барылсын.
3. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш транспорт,энергетика масалелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |