ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2015-жылдын 7-августу № 19
Курбу-Таш айылына маданият үйүн ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” элдик жыйын токтому Мыйзамына таянып,айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун Курбу-Таш айылындагы маданият үйү үчүн имарат жаңыдан курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу маданият үйүн ачуу жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Курбу-Таш айылындагы жаңы маданият үйүнүн курулушу бүткөндүгүнө байланыштуу ишке берилсин.
2. Курбу-Таш маданият үйүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан бекитилсин жана Өзгөн райондук маданият бөлүмү менен макулдашылсын,керектелүүчу акча каражаты жергиликтүү бюжеттен сметага ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдап, токтомду аткарууга алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |