Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 20
Эгембердиев Раимжанга “Жалпак-Таш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-апрелинде №15 токтому бекитилген “Жалпак-Таш айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын уставынын” 31-бөлүмүнө таянып , Жалпак-Таш айылдык аймагынын Ак-Терек айылдарынын тургундарынын кайрылуусун жана айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштамасын угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1940-жылы Ак-Терек айылында туулган,илимпоз,филология илимдеринин доктору, профессор Эгембердиев Раимжанга илим изилдөөдөгү жана педагогикалык тармактагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Жалпак-Таш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук ,регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |