Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 21
Үч-Капчал айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктуна таянып ,аймакты социалдык жактан өнүктүрүү максатында , Үч-Капчал айылынын Сай жана Сары-Таш көчөлөрүнүн тургундарынын Үч-Капчал айылына бала бакча ачуу жөнүндө арызын карап талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Капчал айылындагы Сары-Таш көчөсүндөгү Мойдунов Абылкасымдын менчик турак үйүндө 1 тайпадан турган, 25 орундуу бала бакча ачылсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана КР мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Жалпак- Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |