Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 27/2-3
Турбаза участкасындагы теректер жөнүндө
Ананьев айлынын түштүк жагындагы турбазанын территориясында жайгашкан айыл өкмөткө караштуу теректер жөнүндө Ананьев айлынын тургуну М.Давлетбаевдин 05.01.2017-жылы жазган арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турбазадагы көп жылдан бери өскөн, чирип бара жаткан жана коркунуч келтирип жаткан 25 түп теректерди мыйзамдын негизинде кыюуга М.Давлетбаевке уруксат берилсин жана айыл өкмөттүн кассасына кыйылган теректер үчүн 25000 (жыйырма беш мин) сом акча төгүү жагы милдеттендирилсин. Чыккан отундарын айыл аймагындагы муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, социалдык жана коомдук объектилерге жеткирип берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Омуралиевке тапшырылсын
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |