Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19 апрели № XV-9
Кыргыз-Ата айылдык округунун кайрак жериндеги кайра бөлүштүрүү фонд (КБФ) жерлеринин аренда акысын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округтук кеңешинин экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде айылдык округтун кайрак жерлериндеги кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) аренда акыларын карап чыгып тийиштүү өзгөртүүлөрдүн негизинде Кыргыз-Ата айылдык округтук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округундагы кайрак жерлердеги кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин (КБФ) аренда акысы 1 (бир) гектарга 600 (алты) жүз сом бөлүп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |