Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 27/4-2
Чет-Байсоорун айлында карьер ачуу жөнүндө
Ананьев айыл аймагынын айылдардын жолдорун оңдоп түзөө максатында Чет-Байсоорун айлынан карьер ачуу жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Байсоорун айлынан, айыл аймактын жолдорун оңдоп-түзөө максатында шагыл-таштарды алуу үчүн карьер ачылсын.
2. Карьердин иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык реформа жана экология, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |