Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 27/4-3
Ананьев айлынын борборун санитардык абалын жакшыртып, ирээтке келтирүү максатында
Ананьев айлына элге таш көмүр сатуучу автомашиналарга жана элден малдардын терисин кабыл алуучу жерди аныктоо жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элге таш көмүр сатуучу автомашиналар токтоочу жана элден малдардын терисин кабыл алуучу жер аянты Ананьев айлынын чыгыш тарабындагы ДЭП-7 ишканасынын маңдай жагы, жолдун асты жагынан берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, жер жана экология, саламаттыкты сактоо туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |