Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 27/4-4
Ананьев айлынын тургуна А.Абышевдин арызын кароо жөнүндө
Ананьев айлынын жашоочусу А.Абышевдин жаш өспүрүм балдарды футбол оюнуна даярдоого лицензия алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Футбол оюнуна жаш өспүрүм балдарды даярдоого лицензия алуу үчүн А.Абышевке спортко каралган статьядан 12 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун акарылышын көзөмөлдөө жагы спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |