Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 43
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктарынын абалы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктарынын абалы жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин, мектептердин кезектеги ремонт иштерине даярдыктардын жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин, мектептердин ремонт иштерин жүргүзүүдө, керектөөлөрүнө айыл өкмөтү тарабынан мүмкүнчүлүгүнө карап жардам берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |