Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 48
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын II-кварталына чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын илдетин аткаруучу Ж.Токтомушованын Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин II-кварталынын чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, айылдык кенештин бюджеттик комитетинин макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын II-кварталы үчүн бекитилген сметасынын 1 раздел аппараттын 2215 статьясындагы 2874,0 (эки миллион сегиз жүз жетимиш төрт мин) сом акча каражаты төмөнкү статьяларга жылдырылып берилсин:
1 раздел аппарат
- 22221100 статьясына таза сууга – 440,0 (төрт жүз кырк мин ) сом акча каражатын,
- 22221200 статьясына жашылдандырууга - 240.0 (эки жүз кырк мин) сом акча каражатын, Жаңы Жер айылынын административдик конторасына - 30.0 (отуз мин ) сом, Чек, Жаны Жер айылдарын жарыктандырууга – 620.0 (алты жүз жыйырма мин) сом, Кайынды айылына электр товарларын сатып алууга – 461,0 (төрт жүз алтымыш бир мин ) сом, Жаны Жер айылына электр товарларын сатып алууга – 470.0 (төрт жүз жетимиш мин) сом, Кайынды айылындагы Кожо Мативали эс алуучу жайын ондоп түзөөгө - 90.0 (токсон мин) сом, Кан айылындагы Кудаярхан чебине ачык музей курууга – 300.0 (үч жүз мин) сом;
1Х раздел билим берүү
22221200 статьясына Жаны-Жер башталгыч мектебинин айланасын тосууга - 100.0 (жүз мин) сом, балдар бакчасына карусель алууга – 123.0 (бир жүз жыйырма үч мин) сом .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |