Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 49
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын №30-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын №30-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын №30-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Тазалык” муниципалдык ишканасы- Дара айыл аймагынын алдындагы чарбалык эсептеги “Дара-Тазалык” муниципалдык ишканасы болуп кайрадан түзүлсүн.
3. 2017-жылга “Дара-Тазалык” муниципалдык ишканасына 100000 (жүз миң) сом субсидия берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |