Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 51
Чек айылындагы спорт сарайдын тарифин бекитүү жөнүндө
Чек айылындагы спорт сарайда ойногон атуулдарга тарифти бекитүү жөнүндө О.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылындагы спорт сарайды максаттуу пайдалануу үчүн иштөө графиги түзүлсүн.
2. 2017-жылдын июнь айынан баштап Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундарына 1 саатына 250 (эки жүз элүү) сом, башка жактан келгендерге 1 саатына 450 (төрт жүз элүү) сом болуп тариф белгиленсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн тургундарына жана спортсмендерине аптанын бейшемби жана жекшемби күндөрү акысыз машыгууга уруксат берилсин.
4. Чек айылындагы спорт сарайдын тарифин антимонополия комитети тарабынан бекитүү жагы О.Тажибаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |