Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 52
Сары-Талаа айылына мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Сары-Талаа айылына мечит курууга макулдук берүү жөнүндө А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Талаа айылына мечит курууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |