Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 01-05/202
Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы, Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын "Аймактык шайлоо комиссиясынын жаны курамына талапкерлерди көрсөтүү " жөнүндө кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Каипов-Северная көчөлөрүнүн жана "Тазалык" ишканасынын шайлоочуларынын жыйналышынын протоколуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын жаны курамына «Тазалык» ишканасынын жумушчусу Курбаналиева Садаткан Адылбековнанын жана Каипов көчөсүнүн тургуну, Ноокен райондук аскер комиссариатынын инспектору Муратов Аширали Эркинбековичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
3. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин керектөөлүүчү документтерин тапшыруу жагы Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Артыков |