Загрузка документа…
| Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 14-сентябрындагы кезексиз XVI сессиясынын (төртүнчү шайланган) №16/81 токтомуна тиркеме |
Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы деп өзгөртүлсүн.
2. Регламенттин 2-главасынын 2.1.-пункту төмөндөгүдөй мазмунда өзгөртүлсүн:
“Райондук кеңеш "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын,
болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) райондук мамлекеттик администрациянын башчысын–акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоордук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын
аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
3. Кара-Суу райондук кеңештин регламенти V-бөлүк 15-глава менен төмөндөгүдөй толукталсын:
15.1. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары - аким) кызматына талапкер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары – Премьер-министр) тарабынан райондук кеңешке киргизет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунуш киргизбесе, Премьер-министр башка талапкерлерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
15.6. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу
өкүлү тарабынан райондук кеңешке көрсөтүлөт.
15.7. Акимдин кызматына ар бир талапкер боюнча райондук кеңешке төмөндөгүдөй маалыматтар тапшырылат:
- биографиялык маалымат (фамилиясы, аты, жөнү, төрөлгөн жери, жылы, айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешеси);
- паспорттун көчүрмөсү, сүрөт;
- билими тууралуу маалымат, билими тууралуу документтин көчүрмөсү, илимий даражасы жана илимий наамы;
- эмгектик ишмердиги тууралуу маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган документтин көчүрмөсү.
15.8. Акимдин кызматына ар бир талапкер боюнча кыскача анкета маалыматы, проффессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнөздөмө, талапкерди көрсөткөн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
15.9. Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерлерди райондук кеңешинин карап чыгуусун уюштуруу үчүн райондук кеңеши тарабынан курамы 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
15.10. Эсептөө комиссиясы тарабынан добуш берүү бюллетендерин иштеп чыгып, анын сактоосун камсыз кылат, отурумунун протоколдорун алып баруусун уюштурат, ушул Тартипте көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарга ээ.
Эсептөө комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясына жүктөлөт.
15.11. Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акиминин кызматына коюлуучу талапкерлер гана киргизилет.
15.12 Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш берүү райондук кеңеш тарабынан аныкталган, атайын бөлүнгөн бөлмөдө ишке ашырылат.
15.13. Депутаттардын катышуусуна, добуш берүүнүн уюштурулуусуна, бөлмөнүн жабдылуусуна жана тийиштүү тартиптин сакталуусуна райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
15.14. Добуш берүү процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептөө комиссиясына берилет.
Эсептөө комиссиясы:
- добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарын каттоодон өткөрөт;
- жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеңештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет;
- райондук кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга өтүүсүн көзөмөлдөйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
15.15. Добуш берүүдөн мурда бюллетендер урнасы райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мөөр басылат.
15.16. Ар бир депутат жеке добуш берет, башкалардын ордуна добуш берүүгө жол берилбейт.
15.17. Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада же жашыруун добуш берүү үчүн бөлүнгөн бөлмөдө толтурулат. Депутат добуш берүү бюллетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнө тыюу салынат.
15.18. Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде өзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна “Макул” деп белги кое алат, же болбосо “Бардык талапкерге каршы” деген сапка белги коет.
15.19. Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле “Макул” деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
15.20. Райондук аким кызматынын талапкерине райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлөт жана аларга эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
Райондук кеңештин чечими камтыган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук кеңештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикке жиберилет.
15.21. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
15.22. Талапкерликке макулдук берүү тууралуу райондук кеңештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын – акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
15.23. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи тур биринчи тур өткөрүлгөн күнү өткөрүлөт.
15.24. Биринчи турда эң көп добушка ээ болгон эки талапкер добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилишет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул Тартипте белгиленген тартипте өткөрүлөт.
15.25. Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерликтери четке чыгарылат, бул тууралуу райондук кеңештин төрагасы 24 саат ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге кабар берет.
Мындай учурда Премьер-министр бул Тартипте негизделген ирээтте башка талапкердерди сунуштайт.
Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
А.Калматова |