Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 4
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын III-кварталына бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Хайдаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин III-кварталына карата бекитилген «Чарбалык керектөөлөргө ар түрдүү буюмдарды жана материалдарды сатып алуулар 22221200 статьясынан суммасы 697865 сом акча каражаты “Ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө чыгымдары 22154900 статьясына жылдырылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Хайдаровго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |