Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 5
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан ветеринариялык аптека, жууткана жана өлгөн малдарды таштоочу чуңкур үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак- Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан ветеринариялык абалды жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кок-Таш айылынан ветеринариялык аптека үчүн 0,5га жер тилкеси, Көчө-Карын участкасынан жууткана үчүн 0,25га, Ак-Сай айылынан жууткана үчүн 0,25га, Ак-Сай, Көк-Таш жана Үч-Дөбө айылдарынан 0,5гадан өлгөн малдарды таштоочу чуңкур үчүн жер аянттары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерин бекитип берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба комуналдык жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Джолдошов |