Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 7
Кок-Таш айылынан өткөн Ош-Исфана авто жолуна туш келген суугат айдоо үлүш жерлери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер 13,66,68-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндөгү” 2013-жылдын 11-июлундагы №145 мыйзамынын 6-беренесинин негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кок-Таш айылынан өткөн Ош-Исфана авто жолуна туш келген 0,96га суугат айдоо улуш жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Онор жайы, транспорт байланыш, коргоо жерлери” категориясына жана “Мамлекеттик фондунун коп жылдык бак дарктардын эсебиндеги” 3,04га жер аянты, коп жылдык бак дарактар эсебиндеги 0,50га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Онор жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка жерлери” категориясына, ошондой эле “Мамлекеттик фондунун” көп жылдык бак дарактардын эсебиндеги 2,54га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба комуналдык жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсүн.
Төрага | Б. Джолдошов |