Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 8
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2014- 2015 жылдын бекитилген бюджетин эсептөө платасын текшерүүсүн жыйынтыгы менен өзгөртүү жана толуктоолору киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Хайдаровдун билдируусун угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аппараттык башкаруу бөлүмүнө «Эмгек акы төлөө» 2111 статьясынын 133,6 сом «башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар»2215 статьясынын 35,1 миң сом «Сапар чыгымдары» 29,1 миң сом кыскартылып учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуу 2222 статьясына 179,4 миң сом, «Элге женилдик» 2721статьясына 18,4 миң сом кыскартылган статьялардын эсебинен жылдырылып берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аппараттык башкаруу бөлүмүнө «Эмгек акы төлөө» 2111 статьясынын 5,2 сом «башка тейлоо кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар»2215 статьясынын 24,8 миң сом«Транспорт кызмат корсотуулор» 2214-статьясынын 17,0 мин сом «Сапар чыгымдары» 77,7 миң сом кыскартылып учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 2222 статьясына 124,7 миң сом, кыскартылган статьялардын эсебинен жылдырылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Хайдаровго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |