Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-апрели №2
Сарай айылдык Кеӊешинин 2010-жылда бюджетинин аткарылышын кароо жана 2011-жылга бюджетинин сметасын бекитүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеӊешинин фин. бѳлүмүнүн башчысы З.Саиповдун билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап, депутаттар тарабынан айытылган сын-сунуштарды эске алып, алымча кошумчасы менен Сарай айылдык Кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Сарай айылдык Кеӊешинин 2010-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сарай айылдык Кеӊешинин 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше болугу 109467.7 миӊ сом жана чыгаша болугу 109467.7 миӊ сом суммасында бекитилсин.
3. 2011-жылга айылдык бюджетинин киреше болугун түзүүчү булактары жана чыгаша бѳлүгү боюнча багыттары №1 жана №2 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
4. Сарай айылдык Кеӊешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттын ѳлчѳмү 7599.4 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин, грант Эл агартуу багыттарын каржылоого жумшалсын.
5. Сарай айылдык округунда нормативдик актылардын негизинде айылдык бюджетке тактоолорду жыл ичинде киргизүүгѳ укук берүү менен ѳзгѳртүүлѳр айылдык Кеӊешинин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
6. 2011-жылга Сарай айылдык округунун башкаруу аппаратына кетүүчү чыгым 7435,3 анын ичинен эмгек акыга 2757,5 миӊ сом, штат боюнча негизги кызматкерлер 30 бирдик (анын ичинен 6 бирдик айыл башчылар) жана техникалык кызматкерлер 6 бирдик ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
7. Эмгек келишимдин негизинде 6 штат бирдиги коммуналдык тейлѳѳ бѳлүгүнѳн кармалсын жана атайын эсептин сметасы 480.0 мин сомго киреше жана чыгаша бѳлүгү бекитилсин.
8. Сарай айылдык Кеӊешинин бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айылдык округунун башчысына (Аким Баатырга) тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Сарай айылдык Кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Сарай айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
М.Раимбердиев |