Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2017-жылдын 20-январы № 5

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысы мэрди шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндөгү» 2017-жылдын 6-январындагы №286 токтомунун Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 2 бөлүмүнүн негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысы мэрди шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Сүлүктү шаарынын мэри болуп Абдыназаров Рахманберды Эрматович шайланды деп эсептелсин.

 

Төрага

Т. Азизбеков