Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 86
Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице мэрии А.Топчубаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 10-июлундагы №31-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице мэрии А.Топчубаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев):
Ош шаардык Кеңешинин «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына 2014-жылдын 31-март айындагы №154-токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн 5,0 млн.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө сунушун мыйзам чегинде ишке ашыруу;
Ош шаардык жылуулук электр борбору жана райондук электр тармактар ишканаларынын жеке менчик жер тилкелеринде жайгашкан техникалык жабдууларын тейлөөдөгү тоскоолдуктарды жоюуга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү;
№1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен шаардык клиникалык ооруканасын тейлеген электр трансформаторунун кубатын жогорулатуу;
2017-жылы Ош шаарында жаңы жана кошумча курулуп жаткан билим берүү объектилерин 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн кошумча акча каражаттарын кароо;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте шаардагы № 42 Керме-Тоо атындагы орто мектептин жылытуу иштеринде орун алган кемчилдиктерди карап, аларды ушул жылдын сентябрь айына чейин жоюу;
Көп кабаттуу үйлөрдү борборлоштурулган жылытуу системасына туташтыруу үчүн жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |