Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 87
Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарыА.Бахрамовдунмаалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-июлундагы №6-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарыА.Бахрамовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынжол кыймылынын коопсуздугу боюнча патрулдук милиция инспекторлорунун санын көбөйтүү маселесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте карап көрүү сунушталсын.
3. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов) Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакөрсөтүлгөн тартипте карап көрүү сунушталсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |