Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 92
Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесинин жаңы редакциядагы долбоорун бекитүү жөнүндөгү» №248-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 13-июлундагы № 407/08-13 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 21-июлундагы №23-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесинин жаңы редакциядагы долбоорун бекитүү жөнүндөгү» №248-токтомунун 29-беренесинин картасына өзгөртүү киргизилип, 13-пунктундагы «Офицерлер үйү» картадан чыгарылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов), Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев), Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.-Ш.Марифов), Ош шаардык маданият башкармалыгына (Т.Досбаев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |