Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 9/1
А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондтун жерлерин тактап өлчөө менен жылдырып инвентаризация жүргүзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Алыш айылынын Алыш каналынын батыш тарабындагы бош жаткан 15.0 га жер аянтын.Таш-Коргон айылынын тушундагы арыктын батыш тарабындагы 15.0 га жер аянтын.Кар-Дөбө айылынын тушундаг Кожокайыр каналынын туштүк тарабындагы бош жаткан 85.0 га жер аянтын.Көн айылынын тушундагы Кожокайыр каналынын түштүк тарабындагы бош жаткан 25.0 га жер аянтын.Кожо айылынын тушундагы Кожокайыр каналынын түштүк тарабындагы бош жаткан 87.0 га жер аянттарын бөлөк жерлер жана өндүрүштүк багыттагы жерлер катарында каттап инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнун жер боюнча адиси М.Кайимовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |