Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 4/1
Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйөө-Таш ички чарбалык жолун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жолдун балансасына киргизүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек 10км, Коо-Чаты, Күйөө-Таш 11 км ички чарбалык жолун Мырза-Аке-Кара Кулжа-Алайку мамлекеттик жолдун каттамына кошуу боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаев 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилдеринде оор түшкөн карда жол каттамдары жабылып калып, көчкү, таш кулап түшкөн мезгилдерде тазалоо жана жеңил машиналар каттоо оор.
Себеби көптөн бери сүрүлүп тегизделбегендигине байланыштуу уңкул-чуңкулдар көбөйүп, кыйындыктарды туудуруп, жаткандыгы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап , Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек 10км, Коо-Чаты, Күйөө-Таш11 км ички чарбалык жолун Кыргыз Республикасынын Мырза-Аке-Кара Кулжа-Алайку мамлекеттик жолдун балансасына киргизип берүү боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт министрлигинен суралган.
2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Д. Кадырбаева |