КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 4- сессиясынын (VI-шайланган)
2017-жылдын 21-июлу № 4/2
“Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара Кулжа районунун Кызыл- Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын 4 сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл –Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерине башкаруу жана пайпайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары белгиленсин.
2017-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин. Кирешелер жана чыгашалар.
3. Кызыл –Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо тиркемени кабыл алуу, өткөрүп берүү акысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.
5. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт аянты жана Кара Кулжа , Алайку токой чарбасынын жайыт аянтынын жайыт акысы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жүргүзүлсүн.
6 .Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевге тапшырылсын
Төраганын орун басары | Д. Кадырбаева |