Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 7/1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоору жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долборун кароо жөнүндөгү мселени Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2017-жылдын 30-майындагы №14-02-2/5930 катына негиз Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 95-беренесине ылайык жергиликтуу бюджеттин “2018-2020-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 213-11 буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме иш-каналардын жетекчилеринин катышуусунда депуттардын Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика бюджет соода жан ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджеттин болжолу 8615, 5 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4140,0 миң сом менен) жана 2019-жылга 8795,5 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4200,0 мин сом сенен) 2020-жылга 8893,8 мин сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4200,0 мин сом менен) жактырылсын.
2. Долбоор ар бир жылда өзгөрүүлөрү менен Ынтымак айылдык кеңешине сунуштоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жоробеков жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Разаковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы жан Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |