Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-апрелиндеги №14
Айылдардын четиндеги, алыскы жайыттар жана жайыт комитетинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
Жылалды айылдык Округдук Кеңешинин ( IV шайланган) XI X кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Айылдардын четиндеги, алыскы жайыттар жана жайыт комтетинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын четиндеги жана алыскы жайыттарды ар бир баш уйларга 100 (бир жүз), жылкыларга 100 (бир жүз), кой-эчкилерге 20 (жыйырма) сомдон төлөнсүн. Жайыт комиетинин бюджети 149,0( жүз кырк тогуз миң) сом менен бекитилсин. Анын ичинен: налогго 35,0, жолго 20,0, телефон, конц. товар чарба товарларына 10,0, төрагасынын айлык акы 48,0 (кырк сегиз миң) сом, бухгалтеринин айлык акысы 36,0 (отуз алты миң) сом менен бекитилсин, жана жайыт комитетинин курамы бекитилсин
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Арынов Сапарбайга милдеттендирилсин.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Жунусбаев. |