Загрузка документа…
УЗГЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № 18/1
Өзгөн шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу департаментинин муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана сатуудагы жүргүзгөн иштери» тууралуу
Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу департаментинин муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана сатуудагы жүргүзгөн ищтери жөнүндөгү» маселе боюнча А.Маткабыловдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу департаментинин 2010-жылдагы, 2011-жылдын 5 айынын ичинде муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана сатуудагы жүргүзүп жаткан иштеринде айрым кемчилдиктердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Өзгөн шаар башкармасына муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин шаарды көрктөндүрүү , жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштеринин жүргүзүлүшүнө каржылоонун өз убагында уюштурулбагандыгы, акча каражаттарынын каржыланышына көзөмөл жасабагандыгы көрсөтүлсүн жана муниципалдык менчикке тийешеси жок нерселерге МММБ департаменти аркылуу каражат бөлүп берүү сүнө тыюу салынсын.
3. Өзгөн шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу департаментинин директору М.Хаджиевага:
- 10 күндүк мөөнөттүн ичинде маалыматта көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу боюнча иш чара иштеп чыгуусу;
- жерлерди ижарага берүү жана сатуу боюнча комиссиянын ишин ачык-айкындуулук менен уюштурууга көмөк көрсөтүү ;
- муниципалдык менчиктеги мүлктү сарамжалдуу пайдалануу аркылуу жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү жана ижаралык келишимди түзүү дө жердин шартын, жайгашкан зонасын эске алуу менен ижаранын өлчөмү боюнча шаардык кеңешке сунуш даярдоо ;
-жыл ичинде аткарылуучу иштердин өлчөмү, көлөмү боюнча титулун даярдап шаардык кеңешке сунуш даярдоо;
-аткарылган иштер боюнча шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын отурмуна жазуу түрүндө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылшын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Насиров
|