Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 16/108
Ак-Кыя айылына мектеп курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу, Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылана турган курулуштардын тизмесине киргендигине байланыштуу мектептин жаңы имаратын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна Ү.Бейшеев атындагы орто мектептин аянтынан мектеп курууга жер берилсин.
2. Мектептин курулушуна жеринен жер чектеп берүү менен курулуштун сапатына көзөлдүк кылуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |