Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 17/114
Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуштоо жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну Молдогазиев Мамытбекти жана Сары-Булак айылынын тургуну Бактыгулов Ынтымакты Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуштоо жөнүндө айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен сыйлаган, Кочкор райондук кеңештин бир жолку, айылдык кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Ак-Кыя айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы пенсионер Молдогазиев Мамытбек жана Сары-Булак айылынын тургуну № 14 жол тейлөө ишканасынын токарь-сварщиги пенсионер Бактыгулов Ынтымак Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук жергиликтүү депутаттардын кошмо жыйынан суралсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |