Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 17/115
Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине бөлүнүп пайдаланылбай калган акча каражат жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 4-март 2015-жылдагы кезектеги XIII сессиясында Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине таза суу киргизүүгө бөлүнгөн 40,0 сомду пайдаланбай калгандыгына байланыштуу Ак-Кыя айылындагы Каракужур айылдык маданият үйүнө жылыткыч алууга жана Сары-Булак айылындагы айыл башчысынын кабинетин жана китепкананы ремонттоого бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы С. Калбаялиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Каракужур айылдык маданият үйүнө жылыткыч алууга 20,0 сом, Сары-Булак айылындагы айыл башчысынын кабинетин жана китепкананы ремонттоого 20,0 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |