Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 21/2
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Уч-Коргон айыл кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү" , 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 "өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү ", 2015-жылдын 31-декабрындагы №233 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө " мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитеттеринде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Уч-Коргон айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджети кирешелери атайын каражаттарды кошкондо 35169,8 миң сом, чыгашалары бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 36687,6 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 40812,1 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгашалар бөлүгү 40812,1 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдар учун бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу 2017-кирешелер жана чыгашалары боюнча 38737,9 мин сом өлчөмүндө, 2018-жылга кирешелер жана чыгашалары 40009,4 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезектеги корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фонддго чегеруулор, тамак аш, коммуналдык чыгымдар) жургузулсун.
6. Чыгашалардын корголгон бернелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
7. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
8. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети 1-январь 2016-жылдан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Сарымсаков |