Загрузка документа…
УЗГЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № 18/2
Өзгөн шаарындагы «Азнабакиев Насыр атындагы сейил багынын», «Орто-Коргон» стадиондун жанындагы эс алуу багынын жетекчилеринин эс алуу жайларын элдин эс алуусуна ыңгайлаштырууда жана элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарындагы «Азнабакиев Насыр атындагы сейил багынын», «Орто-Коргон» стадиондун жанындагы эс алуу багынын жетекчилеринин эс алуу жайларын элдин эс алуусуна ыңгайлаштырууда жана элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү» маселе боюнча депутат М.Тайлаковдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы «Азнабакиев Насыр атындагы сейил багынын», «Орто-Коргон» стадиондун жанындагы эс алуу багынын жетекчилеринин эс алуу жайларын элдин эс алуусуна ыңгайлаштырууда жана элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Өзгөн шаар башкармасына Азнабакиев Насыр атындагы сейил багынын жетекчиси Н.Артыковдун кызмат абалын кароо;
- Сейил бактын ичиндеги бак-дарактарды жаңылоо, элдин эс алуусу үчүн тийиштүү шарттарды жаратуу боюнча атайын конкреттүү иш чара иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
3.Өзгөн шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директору М.Хаджиеванын «Орто коргон» эс алуу жайын муниципалдык менчик катарында сактоо, натыйжалуу пайдалануу багытында иш жүргүзбөгөндүгү белгиленсин жана ага 1 айлык мөөнөт ичинде аталган эки эс алуу жайын иретке келтирүү боюнча сунуш даярдап, аткарылышын камсыздасын, 2015-жылга карата жашылдандыруу боюнча планын иштеп чыгып Өзгөн шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын кароосуна алып чыксын.
4.Өзгөн шаар башкармасы аткарылган иштер боюнча шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына жазуу жүзүндө маалымат берсин.
5.Токтомдун аткарылшын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш, энергетика жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Насиров |