Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 1
Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо орнотуу жөнүндө
Сорокин жана А.Маматалиева көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын Cорокин көчөсүндөгү А.Маматалиев көчөсү менен кесилишкен жерге талапка жооп берген ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери менен орнотулсун.
2. Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери менен орнотуу ДЭП-51 ишканасынан суралсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |