Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 4
Масы айылынын тургундары Х.Ахрановдун жана К.Джалаловдун арыздарын кароо жөнүндө
Масы айыл аймагындагы К.Мадгазиев көчөсүнүн тургуну Х.Ахрановдун, Жаңы-Абад көчөсүнүн тургуну К.Джалаловдун жашап жаткан үйү күйүп кеткен, натыйжада эки үй-бүлөөнүн жашоого керектүү буюмдары толугу менен күйүп кеткендиктен аны кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экендигинен материалдык жардам сурап жазган арыздары боюнча Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн тургундары Х.Ахрановго жана К.Джалаловго күйүп кеткен турак- жайларын калыбына келтирүү үчүн ар бирине 25,000 (жыйырма беш миң) сомдон Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековко тапшырылсын.
Төрага | С. Арзиев |